Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

“Мадина” базарында ишкерлер нааразылыкка чыкты


Товарлардын кымбатташына байланыштуу бүгүн Бишкектеги “Мадина” базарына тигүү цехтеринин жүзгө жакын кожоюндары чогулуп, базар жетекчилигине нааразылыгын билдиришти. Алар бааны сатуучулар өздөрү каалагандай кымбаттатып, эски товарларга да жаңы бааны коюп алышканын билдиришти. Айрым сатуучулар баалардын өсүшү базардын жетекчилигинин тапшырмасы экенин да айтып жатышат.

Ишкерлер ЕАЭБ кийин ата мекендик өндүрүшчүлөргө мамлекеттен колдоо болбой жатканын айтышууда. Көп ишканалар жабылып калышы ыктымалдыгын билдиришти.

Базар жетекчилиги жасалма кымбаттатуу боло электигин, бул маселе жакын арада каралып, жөнгө салынарын белгиледи.

"Мадина" базарынын ээси парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын депутаты Турсунтай Салимов.(SE)

XS
SM
MD
LG