Алар: “Мекен ынтымагы”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан, Эмгек”, КСДП, “Азаттык”, “Бир бол”, “Республика Ата Журт”, “Ар намыс”, “Улуу Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Өнүгүү - Прогресс”, Конгресс народов Кыргызстана, “Аалам” жана “Кыргызстан” партиялары.
4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин БШКга тапшыруу мөөнөтү 25-августта аяктады. Эми Боршайком тизмелерди текшерип, он күн ичинде аларды каттоого тийиш. 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин башында 34 партия билдирген болчу.(RK;ZKo)