Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Эки Корея жарым аралдагы кризис боюнча мунасага жетишти


Пхеньян менен Сеулдун өкүлдөрү Корей жарым аралындагы кризисти жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишти. Чек арадагы Пханмунджон деген жерде 40 саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түштүк Корея чектеш аймакта үн күчөткүчтөр аркылуу кошуна өлкөнүн режимин сындаган пропаганданы токтотууга көндү. Түндүк Корея өз кезегинде түштүктүн аскерлеринин минага кабылып, мерт кетишине байланыштуу өкүнүчүн билдирди жана куралдуу күчтөрүнүн жогорку даярдык абалын алып салууга убада берди.

Жарым аралдагы кырдаал 19-августта демилитаризациялык тилкеде артиллериялык аткылашуу тутангандан кийин курчуган. Сеул түндүк кореялык аскерлер үн күчөткүчтөрдү жок кылуу максатында биринчи болуп ок чыгарышканын айткан. 10-августта түштүк кореялык эки жоокер миналардан каза тапкандан кийин Сеул пропагандасын жанданткан. Түштүктүн бийлиги миналарды кошуна өлкөнүн аскерлери коюшкан деп айтууда.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG