Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1-сентябрдан тартып, жеңилдетилген насыяларды бере баштайт
Насыянын биринчи багыты: 3 млн. долларга чейинки өлчөмдө "РСК" жана "Айыл" банктары аркылуу берилет, экинчи багыты: 3 млн. доллардан көп өлчөмдөгү насыя фонд аркылуу берилет.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, каражат айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын алууга жалпы суммасы 940 млн. долларлык 114 сунуш ишкерлерден түшкөн. Натыйжада фонд 56 млн. долларлык 8 долбоорду тандап алган.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы кору 1 млрд. доллар. Бул каражат Кыргызстанга ЕАЭБге кирүү шартында колдоо көрсөтүү максатында берилген.(ZKo)