Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Улуттук банктын резервинде 1,95 млрд. доллар акча бар


Бул каражат Кыргызстандын акча базарындагы кырдаалды жөнгө салууда Улуттук банкка толук мүмкүнчүлүк бере алат, деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 25-августтагы маалымат жыйынында. Абдыгулов ошондой эле акча базарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү боло жүргөн көрүнүш катары баалап, резервдеги акчаны интервенцияга жумшоонун зарылдыгы жоктугун ырастады.

Толкунбек Абдыгулов Казакстандын теңгесине байланыштуу сомдун куну убактылуу олку-солку болгонун рыноктогу ички оюнчулар өздөрүнүн пайдасына колдонуп калууга аракет жасашканын белгиледи. Ошондой эле ал күзүндө кайрадан экспорт жанданып, сентябрда сомдун башка валюталарга карата катышы бекемделет деп ишендирди.

Кыргызстанда АКШ долларынын куну өткөн жылдын аягынан тарта көтөрүлүп, жаңы жылдан кийин 1 доллар 64 сомго чыккан. Апрелдин аягында кайра 58 сомго түшүп, ошондон бери 62 сомдук ченемди туруктуу сактап келе жаткан. 20-августта кайра кымбаттап, акча алмаштыруучу жайларда, коммерциялык банктарда 1 АКШ доллары 65 сомго чейин көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG