Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Procter & Gamble Орусиядагы товарларын коопсуз деп эсептейт


Америкалык Procter & Gamble компаниясы өзү чыгарган товарлар Орусиянын коопсуздук ченемине туура келерин ырастап, товарлардын сапаты тууралуу "Роспотребнадзор" менен кырдаалды жөнгө салуунун   аракетин жасоого киришмекчи. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак "Роспотребнадзор" айрым чет өлкөлүк кир жуугуч заттарды токсикологиялык жактан коопсуздукка залал келтирет деген жүйөө менен сатыктан алууну буйруганы кабарланган. Аталган мекеме Procter & Gambleдан тышкары чет өлкөлүк Henkel, Werner & Mertz GmbH, Colgate-Palmolive жана The Clorox Company ишканалары өндүргөн товарларды сатыктан алып таштоону тапшырган. Бул тыюуга айрым жергиликтүү ишканалар да туш болгону айтылууда. 

 

 

XS
SM
MD
LG