Парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясы менен бараткан Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы директору Дүйшөн Сатыбалдиев тизмеден чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Сатыбалдиев департаментти башкарып турган учурда миңдеген жарандарга жасалма паспорт берүүгө жол ачкан деп, Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, 25-августта издөө жарыялаган.
-Талапкер каттоого алынып жатканда бүт мыйзамдык нормаларга ылайык текшерилген. Аны сот күнөөлүү деп тапмайынча тизмеде кала берет,- дейт Таалайгүл Токтакунова.
2010-жылдан бери департаментти башкарып келген Дүйшөн Сатыбалдиев шайлоого аттангандан соң быйыл 20-августта кызматтан кеткен.
Эске салсак, “Ата Мекендин” тизмесиндеги Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго издөө жарыяланган. Бирок партия аны да тизмеден чыгарбай турганын белгилеп келет. (SE)