Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Кыргызстанда 80 миң бала мектепке барбайт


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда расмий эсепте 80 миң бала мектепке барбай турганын айтып, билим берүү тармагындагылар бул маселеге олуттуу көңүл буруусу зарылдыгын эскертти. Бүгүн Бишкектеги улуттук филармонияда мугалимдердин үчүнчү курултайы өтүп жатат. Анда айлык акы, билим берүүнүн сапаты талкууланууда.

Мамлекет башчы окутуу сапатынын начарлап баратканы Кыргызстан үчүн эң орчундуу көйгөй экенин белгилеп, мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Өкмөт 2016-жылдан тарта мугалимдердин айлыгына 6,6 миллиард сом бөлөт. Быйыл маяна үчүн 2,3, миллиард бөлүнөрү кабарланган. (SE\AzK)

XS
SM
MD
LG