Жалал-Абад облусунда жаңы окуу жылына даярдык көрбөгөн мектеп директоруларына чара көрүлө баштады. Облакимчиликтен билдиришкендей, Сузак районунундагы эки мектептин директору кызматынан алынды. Облус аймагындагы дагы 15 мектептин директорлоруна тез арада кемчиликтерди жоюу маселеси тапшырылып, аларга чара көрүү жагы район башчыларына милдеттендирилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердин 90% өрт коопсуздук шаймандары менен камсыздалбаганы аныкталган.
Облуста 469 мектепте 210 миңден ашык окуучу билим алат. Аларга 14 миңден ашык мугалим сабак берет. (RsK)