Amnesty International эл аралык адам укуктары коргоо уюму украиналык режиссер Олег Сенцов Орусия соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылышын жана крымдык активист Александр Кольченко 10 жылга кесилишин сынга алган билдирүү таратты. «Соттук акыйкатсыздыгынан улам аларга ушундай көп абак мөөнөтү берилди», деп айтылат билдирүүдө. Укук коргоочулар Сенцов менен Кольченкону кыйнагандыктары тууралуу далилдер бар экенин маалымдашууда.
Amnesty International уюмунун Украина бөлүмүнүн маалымат катчысы Богдан Овчаруктун айтуусунда, орус сотунун бул чечимдери Украинага каршы Орусия үгүтүнүн бир бөлүгү болуп калды. Овчарук Сенцовго жана Кольченкого коюлган «террорчулук» айыбы алынып, алардын соту таза сотто каралат деген үмүттөнүүсүн билдирет.
АКШнын Украинадга элчиси Джон Пайятт да Сенцовго жана Кольченкого чыккан сот өкүмүн катуу сынга алды.
Орусияда украиналык кинорежиссер Олег Сенцов 25-августта жыйырма жылга түрмөгө кесилди. Орус бийликтери аны террорчулук менен байланышкан кылмыштар үчүн айыптаган. Расмий Киев орус сотунун өкүмүн кескин сынга алып, маселенин саясий өңүтү бардыгына көңүл бурду.
Крымдын тургуну Сенцов былтыр Орусиянын жарым аралды аннексиялашына каршы чыккан. Бир нече айдан кийин Крымдагы орусиячыл уюмдун кеңсесине кол салууну уюштурууну пландаган деген шек менен кармалган. (ErN)