Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

БУУ: Балкан өлкөлөрүнөн күнүнө 3 миңдей мигрант кирип жатат


Евробиримдикке Балкан өлкөлөрү аркылуу кирип жаткан мигранттардын саны күнүнө 3 миңдей болуп жатканы Бириккен Улуттар уюмунун соңку билдирүүсүндө айтылат.

“Жакынкы Чыгыштагы согуштардан качкан адамдар жакынкы айларда азайбайт. Тескерисинче көбөйүшү мүмкүн” деди уюмдун маалымат катчысы Мелисса Флеминг. Ал буга мисал катары Сирия жана Ирактан качкан бозгундар Түркия, Иордания жана Ливандагы качкындар лагеринде батпай баратканы менен түшүндүрдү.

Флеминг Германия менен Швеция Евромейкиндиктен баш паанек издегендердин 43% батырып алганын айтып, качкындар башка өлкөлөргө да бирдей бөлүштүрүлүшү керектин билдирди.

Быйыл жети айда Македония, Сербия, Босния жана Герцеговина, Албания, Черногория аркылуу Евробиримдикке 102 миң мигрант келген. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Былтыр 7 айда 8 миң качкын өткөн. Аталган өлкөлөр Евробиримдикке мүчө эмес. Өткөн жумада Македония качкындардын агымынан чочуп, аларды Грекиядан үч күн бою өткөрбөй турган. Атүгүл македон полициясы мигранттарды токтотуу үчүн куру дүрмөт гранаталарды колдонгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG