Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

“Вечерний Бишкек” интернет басылмасы окурмандары менен коштошту


Аталган интернет басылманын редакциясы 26-августта жалпы окурмандарына кайрылып, редакциялык жамаат акыркы күнү иштеп жатканын, буга адилетсиз сот чечими менен рейдерлик басып алуу себеп болгонун билдирди. Анда айтылгандай, “Вечерний Бишкек” басма үйү аргасыздан штатты азайтууга барууда, натыйжада 17 киши иштен кыскарган.

Интернет басылманын жамааты окурмандарына жакынкы күндөрү кайрадан башкача аталыштагы интернет басылма менен чыгарын кабарлап, ал эми азыркы “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн, гезиттин, интернет басылманын ээси, редактораты өзгөрөрүн, ага кошо редакциялык саясат да башкача нукта болорун эскерткен.

27-августта Бишкек шаар соту “Вечерний Бишкек” басма үйүнө байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы доо арызды карайт. Азыркы редакциялык жамаат шаар соту райондук сот чечимин өзгөртө албайт деп эсептейт.

Биринчи Май райондук соту 20-августта “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн 65% акциясын жана “Рубикон” жарнама фирмасынын 50% Александр Рябушкинге берүү тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG