Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Орусия Валентина Матвиенкого берилген визадагы чектөөлөрдү сынга алды


Орусия Тышкы иштер министрлиги Орусия Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун Нью-Йоркко сапары үзгүлтүккө учурарын белгилеп, буга визадагы чектөөлөр себеп экенин билдирди. Министрлик маалымдагандай, АКШ бийлиги спикер Матвиенко сапар учурунда эч кандай жолугушууларга катыша албасын эскерткен. Орусия Тышкы иштер министрлиги муну эл аралык нормага туура келбейт деп эсептейт.

Интерфакс маалымат агенттиги Нью-Йорктогу парламенттер аралык биримдиктин иш-чарасына баруудан орусиялык делегация толугу менен баш тартканын кабарлады.

Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко АКШга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде. Буга карабай, ага Нью-Йоркто болуучу иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG