Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Жалал-Абадда шайлоочулар тизмеси так болбой жатат


Жалал-Абад шаарында шайлоочулардын тизмеси так болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн шаарда "Таза шайлоо" ассоциациясы өткөргөн талкууда участкалык комиссия өкүлдөрү айтып чыгышты. Алардын билдиргенине караганда, БШКдан тактоодон кийин келген тизмелерде деле каза болгондордун жана көчүп кеткендердин фамилиялары жүрөт. Мындан сырткары облустун башка райондорунда катталган жарандар да шаардын тизмесине кирип калган. Ал эми айрымдардын жашаган дареги так жазылбай, жөн гана Жалал-Абад деп коюлгандыктан, аларга чакыруу жөнөтүү жагынан да маселе чыгууда.

Бүгүнкү талкууга саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышууда.

Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо участогу бар, учурда 31 миңге жакын шайлоочунун тизмеси такталды. (RsK)

XS
SM
MD
LG