Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Укугу бузулган балдар үчүн "115" ишеним телефону иштей баштады


Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсесинде укугу бузулган балдар үчүн "ишеним телефону" иштей баштады. Балдар тарбияланган жабык жайлардагы, үй-бүлө, мектептердеги укук бузуулар тууралуу маалымат "115" кыска номуру аркылуу телефондон кабыл алынат.

Акыйкатчынын балдар укугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Альберт Колоповдун "Азаттыкка" айтымында, долбоордун бет ачары сентябрда өткөнү жатат, ошондон тарта маалымат өнөктүгү да жүргүзүлөт.

Долбоорду "Эл аралык түрмө реформасы" уюму каржылоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG