Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Малеванаянын адвокаты коргоодон баш тартты


Оксана Малеванаянын адвокаты Балтабаева аны коргоодон баш тартканына байланыштуу бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда белгиленген жараян болбой калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

Эми анын ордуна башка адвокат берүү өтүнүчү менен райондук сот Юстиция министрлигине кайрылат. Кийинки отурум 6-октябрга белгиленди.

Кыргызстандын тергөө органдары Малеванаяны Кылмыш-Жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) жана 211-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптоодо.

Кылмыш иш “Учкун” ачык акционердик коомунун имаратынын 15-16-кабаттарын “КООРТ” телекомпаниясы үчүн мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы боюнча козголгон.

Малеваная мурдагы президент Курманбек Бакиевдин алдында түзүлгөн катчылыкты башкарып турган болчу. 2010-жылдагы окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен. Буга чейин ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG