Президент Алмазбек Атамбаев сентябрдын башында Кытай жана Иран мамлекеттерине барат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Кытайда президент баштаган кыргызстандык расмий делегация 1-3-сентябрь күндөрү болот. Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанатка катышат.
- Кытайга 30дан ашык мамлекет башчы барат. Салтанатка биздин Улуттук гвардиянын аскерлери да катышат. Бул биздин Кытай менен мамилебиздин бекемдигин көрсөтөт, - деди Сапар Исаков.
Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар уюштурулуп, кыргыз-кытай саясий жана экономикалык маселелери талкууланат.
Ал эми 4-6-сентябрда Алмазбек Атамбаев Иранда расмий сапарда болот. Өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, кызматташтыкты бекемдөө багыттары тууралуу сөз болот. (JM)