Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Орусиялык парламенттик делегация БУУга барбайт


Орусиялык депутат АКШнын Мамлекеттик катчысын жана орун басарларын санкциялар тизмесине киргизүүгө үндөдү. Федерациялар кеңешинин тышкы иштер комитетинин мүчөсү Игорь Морозов РИА-Новости агенттигине билдиргендей, бул – палатанын спикери Валентина Матвиенконун АКШга визасын чектөө чечимине жооп болмокчу.

Улуттар уюмунун парламенттер аралык биримдигинин Нью-Йорктогу жолугушуусуна катышууну пландаган Матвиенко Крымдын аннексиясына байланыштуу Вашингтондун “кара тизмесине” киргизилген. Санкциялар расмий адамдардын БУУнун иш-чараларына катышуусуна тоскоолдук кылбайт. Бирок спикерге виза үч күнгө гана берилген жана уюмдун баш кеңсеси жайгашкан жерден 25 чакырым алыс бара албайт деп эскертилген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Матвиенконун визасын чектөө “кабыл алынгыс” деп, орус делегациясынын ал иш-чараларга катышпасын билдирди.

XS
SM
MD
LG