Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Казакстанда ядролук суюк отун банкы жайгашат


Атомдук энергия эл аралык агенттиги – МАГАТЭ менен Казакстан өкмөтү байытылган уран сактала турган банк түзүү тууралуу макулдашты. Банк Өскемен шаарындагы Ульбин металлургиялык заводунун аймагында жайгашмакчы. Макулдашууга МАГАТЭнин башкы директору Юкио Амано жана Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идрисов бүгүн Астанада кол коюшту. Банктагы ядролук суюк отун атомдук энергетика тармагында керектелет жана аны - байытылган уранды коммерциялык рынокто алууга мүмкүнчүлүгү жок, уюмга мүчө мамлекет гана сатып ала алат.

Казакстан өз аймагында андай банкты жайгаштыруу демилгесин 2009-жылы көтөргөн.

XS
SM
MD
LG