Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Шайлоо-2015: Талапкер аткаминерлер иштен бошотулду


Парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесине кирген айрым аткаминерлер бүгүн иштен кетти. Мамлекет башчынын жарлыгы менен Жанар Акаев президенттин басма сөз катчысы кызматынан бошотулду.

Ошондой эле президенттин буйруктары менен Асел Кодуранова Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгынан, ал эми Бахтияржан Фаттахов Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлыганын кетти.

Жанар Акаев КСДП партиясынын тизмесинде 7-орунда, Асел Кодуранова 12, Бахтияржан Фаттахов "Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" тизмесинде 5-орунда.

Мыйзамга ылайык, шайлоого катышам деген мамлекеттик кызматкерлер ишин биротоло тапшырып бериши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG