Маалыматтарды биометрикалык каттоо Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан мыкты студенттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Мамлекет башчы жаштарды күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. “Жогорку Кеңешке шайлоо абдан чоң мааниге ээ. Эгерде силерди Кыргызстандын тагдыры тынчсыздандырса, добуш берүүгө катышышыңар керек” деди ал.
Атамбаев башка мамлекеттерде шайлоолордо жарандардын биометрикасы ийгиликтүү пайдаланылып жаткан тажрыйбасын мисалга келтирип, маалыматтарды биометрикалык каттоо Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөөрүн эске салды. (RK)