Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

"Росинбанкка" ээлик кылган холдингдеги эки банк убактылуу администрацияга өттү


Орусиянын Борбордук банкы Кыргызстандагы «Росинбанктын» акцияларынын 90% ээлик кылган «ИТБ Холдингдеги» эки банк - "Инвестторгбанк" жана "ВОКбанкка" бүгүн убактылуу администрация режимин киргизди. Мындай чечим аталган банктардын финансылык абалын изилдөө максатында кабыл алынганы орус Борбордук банкынын сайтында кабарланды. Убактылуу администрация учурунда акционерлердин уставдык капиталга катышуу укуктары жана башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулат.

«Росинбанктын» акцияларынын калган 10% Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фонду ээ.

Аталган банк бүгүн өз сайты аркылуу кардарларына кайрылып, Орусиянын Борбордук банкынын жогорудагы чечими анын операциялык ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир тийгизбей турганын, себеби убактылуу администрациялоо режими киргизилген "Инвестторгбанк" менен таптакыр байланышы жок экенин жарыялады.

"Росинбанк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакындарына тиешеси бар деген "Залкар Банктын" ордуна түзүлгөн. Орусиялык "ИТБ Холдинг" "Залкар Банктын" акцияларынын 90% 2013-жылы 4 миллион долларга сатып алган. (RK)

XS
SM
MD
LG