Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы бүгүн ишке киргизилет. Линиянын ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышмакчы.
“Датка-Кемин” линиясынын курулушу 2011-жылы башталган. Аталган линиянын ишке кирүүсү Кыргызстандын Борбор Азиядагы электр айлампасынан көз карандысыздыгын камсыздоого багытталган.
“Датка-Кемин” линиясынын узундугу 405 чакырым. Долбоордун жалпы суммасы 389 млн. 795 доллар.(ZKo)