Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Атамбаев: Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук


"Бүгүн Кыргызстан үчүн тарыхый күн, биз энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук" деп жарыялады президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кемин районунда «Датка – Кемин» электр линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын расмий ачуу салтанатында сүйлөп жатып.

- Электр энергиясын сурап мындан ары башка өлкөлөргө жалдырабайбыз. Эми энергияны өндүрүүнү көбөйтүшүбүз керек, - деди мамлекет башчы.

«Датка – Кемин» линиясынын жалпы узундугу 405 чакырым. Ал аркылуу Токтогул ГЭСи өндүргөн энергия Кыргызстандын түндүк аймагына коңшу республикаларды аралабастан, түз ташылып келет.

Долбоорду ишке ашырууга кытай тарап 389 миллион доллар насыя берди. Бул насыяны Кыргызстан 20 жыл ичинде төлөп бериши керек. (SzD)

XS
SM
MD
LG