Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Кыргыз-тажик чек арасында жоголгон жоокер дагы эле дайынсыз


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып жоголгон аскердин али күнчө дайыны жок болууда. Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кечээ издөө иштерине Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы берген МИ-8 тик учагы тартылып, Чоң-Алай аймагы изилденди, бирок натыйжа болгон жок.

Жоокер 23-августта Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен. Анткени, аймакта жамгыр аралаш кар жаап, туман түшүп турган. Анын колунда Калашников автоматы болгон.

Жоголгон аскер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. Анын аты-жөнү азырынча жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG