Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Индиялык жана пакистандык аскерлер чек арада өз ара атышты


Индиялык чек арачылар Жамму шаарынан 38 км түштүк батышта чек арада черүүдө жүрүшөт. 17-январь 2013
Индиялык чек арачылар Жамму шаарынан 38 км түштүк батышта чек арада черүүдө жүрүшөт. 17-январь 2013

27-августта шамдан кийин Талаштуу Кашмир регионундагы чек арада болгон атышууда индиялык эки жаран окко учуп, 16 киши жарадар болгону маалымдалды. Индия тарап Пакистан аскерлерин биринчи ок атты деп күнөөлөдү. Пакистан бул боюнча билдирүү жасай элек.

Гималай тоолорунун этегиндеги Кашмир провинциясында Индия жана Пакистан аскерлери ортосунда 2003-жылдан бери элдешүү шарты сакталат. Бирок аймак үчүн майда-барат аткылашуулар мүнөздүү көрүнүш. Апта башында эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин сүйлөшүүсү болбой калгандан бери Кашмир провинциясында чыңалуу курчуду.

XS
SM
MD
LG