Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Шаардык сот "Вечерний Бишкек" боюнча райсоттун чечимин күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити боюнча ишти карап, райсоттун чечимин күчүндө калтырды.

Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Александр Кимге таандык 65% акциясын, “Рубикон” рекламалык фирмасынын 50% акциясын Александр Рябушкинге өткөрүп берүү чечимин чыгарган болчу.

Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын жүйө катары келтирген Александр Рябушкин өз пайдасына Александр Кимден 400 млн сомго жакын акча өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан 400 млн сом табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырган. Эми Рябушкин “Рубикондун” 100% ээси болуп калды.

26-августта vb.kg сайтынын 17 журналисти кызматынан бошотулган. Ага чейин төрт журналист кеткен эле. (RK)

XS
SM
MD
LG