Бул план өлкөнүн коопсуздугун камсыздоону жана эркин паспорт режимдүү Шенген өлкөлөрүн коргоону көздөрүн 27-августта Эстониянын ички иштер министрлигинин өкүлү Тоомас Викс билдирди. Анын "Франсс пресс" агенттигине айтышынча, чек арага орнотулган видеокамералар жана пилотсуз учактар-дрондор чогулткан маалыматтар товар жана адам аткезчилерине каршы колдонулушу мүмкүн.
Эстониянын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, зым коргондун бийиктиги 2, 5 метр, узундугу 110 км болот. Коргондун курулушу 2018-жылы башталып, бир жылда бүтүүгө тийиш. Мурунку советтик Эстония, Латвия жана Литваны былтыр Орусиянын Крымды басып алышы, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий-техникалык колдоо көрсөтүүсү катуу кыжалатка салган.