Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Бишкектин тергөө абагындагы нааразылык акциясы уланууда


Бишкектеги №1 тергөө абагына кылмышка шектүү катары камалган Рахимжан Бурадинов нааразылык акциясын улантууда. 22-августтан бери ал оозун төөнөп алып отурат. Жаза аткаруу кызматынан бүгүн кабарлашкандай, Бурадиновдун абалы канааттандырарлык, ал доктурлардын көзөмөлүндө, түтүкчө аркылуу суюк тамак ичип жатат.

Шектүү жаран Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны мыйзамсыз кармаган деп нааразы болууда. Айтымында, аны кылмышты моюнга алдыруу үчүн кыйнашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG