Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Өзбекстан: айласыз пахта терген дарыгерлер


Пахта теримге чыккан студенттер. Өзбекстан. 2014-жыл
Пахта теримге чыккан студенттер. Өзбекстан. 2014-жыл

Өзбекстанда медициналык кызматкерлерди пахта терүүгө кайрадан мажбурлап чыгаруу башталды. Хорезм облусундагы 400дөй дарыгер талаада бир канча күндөн бери пахта терип жүрүшөт.

Пахта теримге чыкпагандар “кызматтан айдалып кетиши" ыктымал.

Хорезм облусунун Жаңы-Арык районундагы Медициналык бирикме кызматкерлеринин «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөткөн кайрылуусунда 23-августтан бери дарыгерлерди жапырт пахта талааларына айдап жатышканы айтылат.

- Дарыгерлерди жана мээрбан айымдарды мажбурлап пахта терүүгө алып чыгып жатышат. Башкы дарыгер Умид менен бөлүм башчы Базром мырзалар өзгөчө төрөткананын кызматкерлерин, өзгөчө мээрбан кыздарды “ишке чыкпасаңар кызматтан кетирем” деп коркутуп атышат, - деп айтылат кайрылуу катта.

Кайрылууда пахта теримден жүдөгөн дарыгерлердин арыз-арманы жазылган:

-Таңга жуук саат жети жарымда атайын автобус менен алып кетишет. Кечкисин сегиз жарымга чейин иштетишет. Эң начар, паясы анча өспөгөн, кумдуу, жыланы көп жерлерге бизди салып атышат. Иштегенибиз үчүн эч кандай акча да төлөшпөйт же тамак беришпейт. Кошо алып барган нан менен помидор, бадыраңыбызды жеп гана эптеп иштеп атабыз.

Кайрылууга байланыштуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы Жаңы-Арык райондук медициналык бирикмеге телефон чалды. Кабарчынын суроолоруна жооп берген мээрбандардын бири күнүнө 400 дарыгер пахта жыйноого чыгып жатканын тастыктады:

- Күнүнө кеминде 350дөй, болбосо 400дөй кишини пахта теримге чыгууга мажбурлап жатканы чын. Бир нече күндөн бери дарыгерлер бейтаптарды карагандын ордуна этек көтөрүп алып талаада жүрөт. Куриктом деген кыштактын пахтасын терип атабыз. Операция болгон же оорулуу дарыгерлерден башка бардык дарыгер талаадабыз. Айылдагы амбулатордук пункттардын кызматкерлери да биз менен кошо пахта теримге чыгып кетишти,- деди атын атагысы келбеген мээрбан айым.

Жумушка чыккысы келбеген дарыгерлер кызматтан жөн эле кетирилбей, айып пул төлөшөрү эскертилүүдө. Хорезм облусунун Жаңы-Арык районундагы медициналык бирикмесинин жетекчиси Умид Жуманиязов болсо бул маалыматтарды четке кагууда:

- Пахта териминин мөөнөтү эми башталат. Мени кечирип коесуз, бирок эч нерсе башталбай жатып эле ушунча ызы-чуу чыгарганыңар туура эмес. Бул кептин баары жалган. Бийликтер расмий буйрук берсе гана дарыгерлер ишке чыгышат. Ага чейин эч ким талаага чыккан жери жок,-деди башкы врач Умид Жуманиязов.

Хорезм облусунун Жаңы-Арык районундук акимчилиги кабарлагандай, пахта терим сезону башталган, бирок элди пахта теримге уюштурууга облустук бийликтерден расмий буйрук келе элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, 15-августтан тарта Өзбекстандын Сырдарыя, Сурхандарыя жана Кашкадарыя облустарында элди пахта талаага жумушка алып чыгуу расмий бекитилген.

“Азаттыктын” өзбек кызматына түшкөн маалыматтарга караганда, башка облустарда да жооптуу кызмат жана мамлекеттик мекеме жетекчилери өз кызматкерлерин пахта терүүгө жөнөтүүдө. Теримге негизинен мугалимдер, дарыгерлер жана башка социалдык тармактын кызматкерлери чыгышат.

«Эзгулик» укук коргоо уюмунун байкоосунда, бул жылы да Өзбекстандын бардык аймагында пахта терим өнөктүгү мажбур тартипте өтүүдө. Аталган бирикме жарандарды күчтөп пахта тердирүүсү боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып Өзбекстандын Башкы прокуратурасына кайрылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG