Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Самаковдун жери боюнча өкмөт акыркы чечимди кабыл алган жок


Бул маселе бүгүн өкмөт жыйынында талкууланып, өкмөттүн 2008-жылкы токтомун жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу каралды.

Айтылып жаткан токтомдо өкмөт 262.3 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бул өз кезегинде депутат Карганбек Самаковго каршы кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп ушул жылдын 14-майында кылмыш иши козголуп, эртеси күнү ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

17-майда Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарган.

XS
SM
MD
LG