Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Астронавт Базз Олдрин: Марста 40 жыл ичинде конуш курулат


Марс планетасы
Марс планетасы

Мурдагы америкалык астронавт, 85 жаштагы Базз Олдрин Флоридадагы Технологиялык институт менен бирге Марсты өздөштүрүү планын иштеп чыгат. Олдрин 27-августта өз атына аталган космостук борборду түзүү жөнүндө келишимге кол койуу аземинде Марстагы биринчи конуш 25 жылдан кийин 2039-жылы курулат деген ишеничин айтты. Алдагы борбор быйыл күздө ырасмий түрдө ачылат.

Базз Олдрин 1969-жылы 20-июлда “Апполон” кемеси менен Айга конуп, мекендеши Нил Армстронгдон кийин Айдын бетине чыккан. 2039-жылы “Апполон” кемесинин Айга конгонуна 70 жыл болот.

Профессор Олдриндин айтымында, оторчулар Марска он жылга жөнөтүлүп, мөөнөтү бүткөн соң Жерге кайтып келишет.

XS
SM
MD
LG