Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Жаңы конуштар Башкы прокуратуранын жер тууралуу сунушуна каршы


Башкы прокуратуранын Бишкектин четиндеги 260 гектардан ашуун турак-жай тилкесин айыл чарба жерине өзгөртүү тууралуу киргизген сунушуна Биримдик-кут айылынын тургундары каршы чыкты. Алар бул жерди мыйзамдуу алганын, бардыгында тийиштүү документтер бар экенин белгилешүүдө. Конуш тургундары бүгүн жыйынга чогулуп, маселени талкуулап жатышканын “Азаттыкка” кабарлашты.

2008-жылы Игорь Чудинов башкарган өкмөт 262.3 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине өзгөртүү чечимин кабыл алган. Бул өз кезегинде депутат Карганбек Самаковго каршы кылмыш ишин козгоого негиз болгон.

Маселе 28-августта өкмөт жыйынында талкууланып, сегиз жыл мурунку токтомду жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу каралды.

Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы жерлердеи мыйзамсыз менчиктеп алган деп, быйыл 14-майда кылмыш иши козголгон. УКМКнын тергөө абагына камалып, үч күндөн соң үй камагына чыгарылган эле.

Ал жерден тилке сатып алгандар үй салып, очор-бачар алып жашап жатышканын белгилеп, үйлөрдү кайра бузуу алардын укугун бузарын белгилеп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG