Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ошто журналисттерди даярдоочу медиа-мектеп ачылды


Оштогу “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиокомпаниясы эл аралык стандартта иштеген журналисттерди даярдай турган медиа мектеп ачты. ТВда, радиодо, гезитте, маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда бирдей иштей ала турган адистерди окутуу сентябрь айында башталат. Ага катышуучулар эки тур сынактан өтөт.

“Ынтымактан” билдиришкендей, төрт айлык окутуудан соң эң мыкты деп табылган медиа долбоорлор үчүн атайын каражат бөлүнөт. Каржылык колдоону БУУнун Өнүктүрүү программасы берет.

Бүгүн, 29-августта “Ынтымак” телерадиоканалынын расмий ачылганына үч жыл толду. (SE)

XS
SM
MD
LG