Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Ат-Башыда күйдүргүдөн улам айрым жандыктар жок кылынды


Нарындын Ат-Башы районундагы Сары-Тал жайлоосунда күйдүргү ылаңына шектелген бир бука жана он чакты ит жок кылынып, коопсуз жерге көмүлдү. Мындан тышкары 12 миң доза вакцина алынып келип, күйдүргү чыккан жайлоодогу мал эмделди. Бул тууралуу облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Жалил Алымкулов билдирди.

20-августтан бери аталган жайлоого карантин жарыяланган. 16-август күнү Сары-Тал жайлоосунан өлгөн уйду сойгон эки адам күйдүргү илдетин жуктуруп алган. Мындан тышкары, ал уйдун этин Нарынга алып келип жиликтеген адамга да жуккан. Үчөө облустук ооруканада дарыланууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG