Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Өзбекстанда аңчылардын мылтыгын бийлик алып койду


Өзбекстанда эгемендик майрамы арапасында аңчыларга тез аранын ичинде милицияга куралдарды убактылуу тапшыруу буйругу берилди. Өз ыктыяры менен бербегендерге чара көрүлөрү эскертилди. Ыктыярдуу түрдө тапшырылган куралдар 5-сентябрда кайра ээлерине берилет. Расмийлер бул кадам эгемендик майрамы учурунда коопсуздук чараларын күчөтүүнүн бир бөлүгү экенин билдиришти.

Ушул күндөрү өлкөдө аңчылык менен алектенгендердин үйлөрү текшерилип жатат.

Ал эми мекеме-уюмдардын балансындагы ок атуучу куралдарды, спорттук тапанчаларды майрам күндөрү сейфте сактоо боюнча буйрук чыгарылды.

Өзбекстанда эгемендик күнү 1-сентябрда белгиленет. Жыл сайын майрам арапасында бийлик коопсуздук чараларын күчөтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG