Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Франция, Германия жана Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантат


Үч өлкө расмийлери Украина чыгышындагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү келерки апта кайра улантат. Бул тууралуу Франция президенти билдирди.

26-август күнү Киев жана орусиячыл жикчилдер 1-сентбярдан тарта Минскиде жетишилген элдешүү келишиминин шарттарын толук сактоо жана атышууну токтотуу ниетин билдиришкен. Андан соң Франция, Германия жана Орусия лидерлери телефон аркылуу байланышып, ушул маселени талкуулаган.

Сүйлөшүү учурунда Франция президенти Франсуа Олланд 1-сентябрдан тарта салгылашууну токтотууну колдорун айткан. Путин болсо украин армиясы тарабынан жикчил аймактарга сокку урулуп жатканына камтамачылыгын билдирип, Киев жикчилдер менен түздөн-түз сүйлөшүүсү керектигин белгилеген.

Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосунда 2014-жылдын апрелинен бери жүрүп жаткан согушта 6800 адам мерт кетти. Быйыл февралда Минск шаарында элдешүү келишими түзүлгөнү менен ал ишке ашпай келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG