Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Балдар укугу менен жабык жайлардагы абал өзгөрүүсүз калууда


Кыргызстанда балдар укугун коргоо жана жабык жайларда кыйноо колдонуу көйгөйү өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу “Адам укуктары боюнча кеңеш” уюму бир жылдык абалга байкоо салып даярдаган баяндамада айтылат.

Аталган уюмдун демилгеси менен Жогорку Кеңеште сентябрдын экинчи жарымында Кыргызстанда жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча абал талкууланат. “Адам укуктары боюнча кеңеш” беш жылдан бери мамлекетте жарандардын укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүп, ага байкоо салып келатат. Анын негизинде парламенттеги адам укуктары боюнча комитетте форум уюштурулат.

Уюмдун төрайымы Гүлжамал Султаналиева “Азаттыкка” билдиргендей, баяндамада коммуналдык төлөмдөргө байланыштуу жарандардын укугунун тепселиши жана сот тармагындагы мыйзам бузуулар камтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG