Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 07:21

Ош облусуна жаңы казы дайындалды


Ош облусунун жаңы казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Ал Орусиядагы Ислам университетинен диний билим алган. Ал эми казынын орунбасары кызматына 28 жаштагы Нурбек Орунбаев келди.

Казыяттын жаңы жетекчилерин муфтий Максатбек ажы Токтомушев облустагы баш имам хатибдерге 30-августта тааныштырып, алар сынак аркылуу тандалып алынганын билдирди.

Мурунку казы Ниязалы ажы Арипов 16-авгутта кызматтан өз арызы менен кеткен. (YI)

XS
SM
MD
LG