Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Көк бөрү: Президенттик кубокту "Талас" командасы утту


Көк бөрү ышкысы (сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок)
Көк бөрү ышкысы (сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок)

Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогун Талас облусунун “Талас” командасы утуп алды. Бүгүн, 31-августта финалдык беттеште таластык көк бөрүчүлөр чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 4:1 эсебинде утуп, акчалай 1 млн. сом жана кубоктун ээси болушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекова билдирди.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Ош облусунун “Достук” командасы “ИИМ” оюнчуларын 11:2 эсебинде ири айырма менен утуп алышты.

Президенттик кубок үчүн оюндар 25-августта башталып ага 12 команда катышкан.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн. 850 миң сомду түздү. 2-орунга 500 миң сом, 3-орунга 250 миң сом жана 4-орунга 100 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды. (ECh.)

XS
SM
MD
LG