Бишкектеги Ала Тоо аянтында эгемендүүлүк күнүнө карата орус эстрада ырчыларынын коштоосунда концерт өттү. Сахнада ырчылар Дима Билан, Вера Брежнева жана Григорий Лепс кыргызстандыктарга өздөрүнүн чыгармаларын тартуулады. Концерт майрамдык салют менен жыйынтыкталды.