Бирдиктүү мектеп формасынын тегерегиндеги талаш канчалык актуалдуу экенин алардын алгачкы коңгуроого кийип барган кийимдеринен эле билсе болот. Мурда кабыл алынган бирдиктүү форма жоюлуп, ата-энелер арасында түшүнбөстүктөр пайда болгон. Кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлиги 30-сентябрга чейин эркин формага уруксат берип, андан кийин сунушталган төрт варианттын негизинде бирдиктүү форма кабыл алынарын айткан. Мындан улам окуучулар 1-сентябрга ар кандай кийинип барышты: бири боз, бири кара-ак, дагы бири кочкул кызыл түстө.
Бир мектепте түркүн форма

1
Бирдиктүү мектеп формасы алгач 1-4-класстар үчүн 1500-1700 сомдон сатылган. Формалар аз тигилгендиктен кийин баасы 2300-3000 сомго чыккан.

2
Учурда базарларда мектеп формасы тартыш. Ата-энелер сатыктагы кийимдердин сапатына нааразы. Сапаттуу делгендердин баасы кымбат, тагыраак айтканда 3,5 миңден 7 мин сомго чейин.

3
Билим берүү министри Элвира Сариева "Азаттыкка" курган маегинде айрым мектеп жетекчилери тигүүчүлөр менен жең ичинен келишип алып, мектеп формаларын каалаган баада сатып жатканын айтты. Маселен, 28-мектепте директор мектеп формасын өзү уюштурган жармаңкеден гана аласыңар деп талап койгон.

4
Президент Алмазбек Атамбаев 1-сентябрга карата Бишкектеги №1 гимназия-интернатка барып, окуучулардын ар бири менен сүрөткө түштү.

5

6

7

8

9

10
Өкмөттүн токтомуна ылайык, окуучулар 30-сентябрга чейин эркин формада жүрушөт. андан кийин Билим берүү министрлиги сунуштаган 4 форманын бирин тандоого туура келет.

11

12

13

14
Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2016 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө киерин маалымдаган. Анда министрлик муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн болчу.