Ага жүздөгөн мигранттардын Австрия менен Германияга кетчү поюздарды басып алуу аракети түрткү болду. Үн күчөткүчтөн: “Жаңы кабар болмоюнча Келети вокзалынан бир да поезд чыкпайт-келбейт. Баарыңыздарды вокзалдан чыгып кетүүнү суранабыз,”- деген жарыя кайталанууда.
Австрия полициясынын билдиришинче, 31-августта Венанын башкы темир жол вокзалына Венгриядан 3650 мигрант келген. Өткөн айда Евробиримдиктин мүчөсү Венгрияга 50 миң мигрант кирген. Алардын көбү коогалаң кучагындагы Сирия, Ирак менен Ооганстандан келгендер.