Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Атамбаев Кытайга жөнөп кетти


Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапары үч күнгө созулат. 2-сентябрда Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүүлөрдү жүргүзөт. Кыргыз-кытай кызматташуусуна арналган бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. 3-сентбярда Бээжинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган аземге катышат. Салтанатта Кыргызстандан Улуттук гвардиянын аскерлери да параддан өтүшөт.

Мамлекет башчысы башында турган кыргыз делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Асанбек Алымкожоев, Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, Экономика министри Олег Панкратов жана башкалар бар.

2013-жылы кыргыз-кытай соодасы 1,5 млрд. долларды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 1,2 миллиардга кыскарган. Эксперттер муну Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланыштырышат. (КE)

XS
SM
MD
LG