Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Украина: парламент жанындагы кагылышууда жараат алган үчүнчү жоокер каза тапты


Жогорку Раданын алдындагы тополоң, 31-август, 2015-жыл
Жогорку Раданын алдындагы тополоң, 31-август, 2015-жыл

31-августта украин парламентинин жанында болгон кагылышууда жараат алган үчүнчү жоокер каза тапты. Кечээки тирешүүдө Улуттук гвардиянын жоокери, 34 жаштагы Игорь Дебрин жарылган гранатынын сыныгы тийип өлгөн жана башка 90 гвардиячы жарадар болгон. Бүгүн адеп гвардиячы Дмитрий Слатстиков өлгөнү, андан соң үчүнчү гвардиячы - 20 жаштагы Александр Костин алган жараатынан көз жумганы ырасмий маалымдалды. Бийликтер - коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери демонстанттар менен тирешип жатканда - гранатаны улутчул “Эркиндик” саясый бирикмесинин 27 жаштагы мүчөсү Игорь Гуменюк ыргытканы такталганын билдирди. Жогорку Рада жикчил Донбасстын айрым райондоруна өзгөчө макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алгандан кийинки нааразылык акциясын “Эркиндик” бирикмеси менен улутчул “Радикалдык партия” уюштурган.

Кагылышка байланыштуу 18 киши, анын ичинде Ички иштер министрлигинин “Сич” батальонунун эки жоокери кармалды.

АКШ, Германия, Орусия, Евробиримдик Киевдеги окуяга тынчсыздануусун билдирип, украин парламентин борбордук бийликти бөлүшүү багытында ишти улантууга жана Минск келишимдерин аткарууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG