Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Бүгүн “Эгемен Кыргызстан” партиясына байланыштуу сот болот


Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызы каралат. Аталган партия шайлоо алдында БШКга төлөнүүчү каражатты толук төкпөгөнү үчүн каттоого алынган эмес.

Мыйзам боюнча, шайлоого аттанган партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөө коюшу керек. “Эгемен Кыргызстан” партиясы белгиленген мөөнөт ичинде 700 миң сом гана төлөп, калганын дагы он күн аралыгында төлөп бермей болгон. Бирок БШК ага көнгөн эмес.

Оппозициялык көз караштагы “Эгемен Кыргызстан” партиясынын башында Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу саясатчылар бар. Алар шайлоого “КСДПсыз парламент!”, “Атамбаевсиз Кыргызстан!” деген радикал ураандар менен бараткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG