Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Кыргыз жана кытай лидерлери Бээжинде жолугат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапарынын расмий бөлүгү башталат. Тагыраак айтканда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анын алкагында эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

3-сентбярда Бээжинде Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган аземге катышарын Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Куралдуу күчтөрдүн башчысы Асанбек Алымкожоев, Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, экономика министри Олег Панкратов жана башкалар бар.

2013-жылы кыргыз-кытай соодасы 1,5 миллиард долларды түзсө, былтыр бул көрсөткүч 1,2 миллиардга кыскарган. Эксперттер муну Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланыштырат. (SE)

XS
SM
MD
LG