Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:16

“Сейде” тасмасы Венеция эл аралык фестивалына катышууда


"Сейде" фильминен кадр

Бүгүн кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалынын 72-айлампасы башталат. Ага Кыргызстандан режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы катышат. “Кыргызсинема” уюмунан билдиришкендей, кыргызча кино бул фестивалда алгач ирет көрсөтүлүп жатат.

Фильмде тоолуу аймакта жашаган Сейде аттуу кыздын жашоосу жана анын жылкыга болгон мээрими тууралуу баяндалат.

Сынак 12-сентбярга чейин уланат.

1932-жылдан бери уюштурулуп келаткан Венеция эл аралык кинофестивалы дайыма Лидо деп аталган аралда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG