Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Евробиримдик Исмаилованын ишин кайра карап чыгууга чакырды


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана Еврокомиссия өкүлү Йоханнес Хан Азербайжан бийлигине кайрылып, 7,5 жарым жылга эркинен ажыратылган журналист Хадижа Исмаилованын ишин кайра карап чыгууга үндөдү.

Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны изилдеген “Азаттык” радиосунун азери кызматы менен иштешкен Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деп айыпталды. Аны жети жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмү кечээ чыгарылган. Ал өзүнө коюлган айыптоолор негизсиз деп башынан эле айтып жүргөн.

Исмаилова 31-август күнкү сот жараянында Азербайжан өкмөтүн “репрессиячыл машине” деп атап, өзү саясый жүйөөдөн улам айыпталып отурганын айтып жатканда сот сүйлөттүрбөй койгон. Прокурор журналистти 9 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эл аралык коомчулук муну сөз эркиндигин бузуу катары сыпаттоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG