Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:48

Тогузбулактык окуучулар жаңы окуу жылын боз үйдө баштады


Ысык-Көл обулусуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айылында окуучулардын жарымы боз үйдө окушат. Бул тууралуу мектеп директору Аида Султанбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мектептин урап калышынан чочулаган чоңдор окуучулар үчүн алты боз үй тигип беришкен.

Тогуз-Булактагы Турсуналы Мырзамамбетов атындагы мектеп-гимназиясы 2005-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Чатыры менен жертөлөсүндөгү тактайлар чирип, ичи ным тарта баштаганына эки жылдын жүзү болду. Төбөсүнөн суу агып, курт-кумурскалар пайда болгон.

Мектеп директору, айыл тургундары тийиштүү мекемелерден чатыр, кийинки жылкы бюджеттен оңдоп-түзөөгө каражат бөлүүнү суранышууда.

1-сентябрда Кыргызстандын 2200 ашуун мектептеринде жаңы окуу жылы башталды. Мектеби кулайын деген айрым аймактарда окуучулар чатырда окушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG